Канада тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулунун Канаданын Астана шаарында жайгашкан резиденциясы менен Канаданын Кыргызстандагы элчилигинин Консулу Николя Эмон менен жолугушуусу болуп өттү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анда эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана алардын кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду жана бул тармактагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө боюнча пландар белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Канада жарандарынын кызыкчылыктарында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн