Кулжа 24, 2025
Убакыт: 15:16
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Кыргызстан менен Казакстандын аскер кызматкерлеринин биргелешкен машыгуусу башталды

18.08.2023 10:24
363
Кыргызстан менен Казакстандын аскер кызматкерлеринин биргелешкен машыгуусу башталды


Кечээ, 17-августта 20636 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргызстанжана Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы бөлүктөрү менен "Эрдик" биргелешкен тактикалык-атайын машыгуусунун ачылыш аземи өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгуунун жүрүшүндө чектеш аймактарда террордук коркунуч келип чыккан учурда бирдиктүү аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу жана күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда тартылучу бөлүкчөлөрдүн күжүрмөн жөндөмдүүлүктөрүн баалоо маселелери иштелип чыгат.

Машыгууга 150дөн ашык аскер кызматчылары жана 30га жакын атайын жана авиациялык техникалар тартылат. Машыгуу 2023-жылдын 23-августунда практикалык иш-аракеттерди аткаруу менен аяктайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн