Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын ТИМ башчысы Мурат Нуртлеу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Жээнбек Кулубаев Нуртлеуну Казакстандын вице-премьер-министри – тышкы иштер министри кызматына киришүүсү менен куттуктады.
Тараптар кыргыз-казак мамилелеринин күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, пикир алмашып, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык форматтарында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн