Бирдин айы 06, 2025
Убакыт: 12:38
USD
87.30
87.80
EUR
90.60
91.60
RUB
0.885
0.915

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетикалык келишимдерге кол коюлду

06.02.2025 09:03
32
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетикалык келишимдерге кол коюлду

Пекин шаарында президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында энергетика чөйрөсүндө инвестициялык келишимдер түзүлдү.


Тактап айтканда, КР министрлер кабинети менен Shenzhen Energy Group Co., Ltd. кытай компаниясынын ортосунда Инвестициялык келишимге кол коюлду. Документте Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВт шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо каралган.


Мындан тышкары, Shenzhen Energy Group Co., Ltd. менен дагы бир Инвестициялык келишим түзүлдү, ал кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын түзүүгө багытталган.


Бул келишимдер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетикалык кызматташтык үчүн жаңы перспективаларды ачып, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана республиканын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн