Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда түз авиакаттам ачуу маселеси талкууланды

10.03.2023 19:49
208
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда түз авиакаттам ачуу маселеси талкууланды

2023-жылдын 10-мартында Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаеванын КЭРдин жарандык авиация администрациясынын эл аралык департаментинин директору Чэнь Вэй менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө авиация тармагындагы эки тараптуу кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Бишкек менен Пекиндин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу, ошондой эле кошумча аба коридорлорун ачуу жөнүндө маселелери талкууланды.


Мындан тышкары, электрондук коммерцияны өнүктүрүү максатында Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жүк каттамдарын уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн