Кыргызстан менен Кытай жарандары эки өлкөдө визасыз жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, визасыз режим 10-15 күндүк мөөнөт болушу мүмкүн.
"Биз 10-15 күн боюнча сунуш бердик. Эми алар өздөрү ойлонот. Кыргызстанды кытайлар басып кетет деген түшүнүктөн алыс болуш керек.
Бул биздин соода менен алектенген жарандарыбыз үчүн да абдан пайдалуу. Ошондой эле кытайлык туристтер аркылуу өлкөбүздүн бюджетине жакшы салым түшөт",- деди Кулубаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн