Жалган курандын 10, 2025
Убакыт: 17:21
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
0.970
1.010

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы финансылык байланыштарды чыңдоо талкууланды

10.03.2025 14:02
15
Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы финансылык байланыштарды чыңдоо талкууланды


Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов Исламабад фондулук биржасынын президенти Захид Латиф Хан менен жолукту.


ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Пакистандын фондулук рыногундагы учурдагы абалды, ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы өз ара инвестицияларды кеңейтүү жана финансылык байланыштарды чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.


Соода жана инвестициялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнүн келечегине, анын ичинде фондулук рынокторду жөнгө салуу, ошондой эле ислам банкинги жана каржылоонун реалдуу ислам принциптери жаатында тажрыйба жана билим алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.


Элчи Авазбек Атаханов өз сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана каржылык мамилелерди күчөтүүгө чакырып, Кыргызстан өз ара сооданы арттыруу жана биргелешкен бизнес демилгелери үчүн натыйжалуу аянтчаларды түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.


Өз кезегинде Захид Латиф Хан мырза компаниясынын учурдагы долбоорлору тууралуу айтып берип, Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы каржы жаатындагы туруктуу өнүгүп жаткан мамилелердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал Пакистан фондулук биржасынын платформасында кызматташууну тереңдетүү жана тажрыйба алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого даярдыгын билдирди.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн ишкерлери менен инвесторлорунун ортосунда жолугушууларды уюштуруу маселелери боюнча өз ара консультацияларды улантуу чечими кабыл алынды.


Катышуучулар келечектеги биргелешкен долбоорлорго жана өз ара экономикалык жана соода байланыштарын активдештирүү мүмкүнчүлүгүнө карата кызыгуусун билдирди, ошондой эле аталган чөйрөдө Кыргыз-Пакистан мамилелерин жана инвестицияларды активдештирүүнү макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн