Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 21-22-январда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун чакыруусу боюнча расмий сапар менен Россия Федерациясына барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери эки тараптуу актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын кеңири талкуулады.
Анда Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын артыкчылыктары белгиленип, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин, атап айтканда, БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ жана башка уюмдардын алкагында кызматташтыкты чыңдоо маселелери тууралуу пикир алышуу болду.
Министрлер тараптардын 2024-жылдагы өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыктарын жогору баалап, эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле үстүбүздөгү жыл үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу пландарына өзгөчө көңүл бурушту.
Министр Кулубаев андан сырткары миграция маселесине да кенен токтолду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.
Расмий сапардын жүрүшүндө министр Жээнбек Кулубаев Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгон советтик жоокерлерди бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерди.
Мындан тышкары, ал Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Кырдаалдык - кризистик борбор департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн