Тогуздун айы 30, 2025
Убакыт: 20:59
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.085
1.125

Кыргызстан менен Россиянын маданият министрлери жолукту

30.10.2025 14:44
38
Кыргызстан менен Россиянын маданият министрлери жолукту


Россия менен Кыргызстандын маданий-гуманитардык кызматташтыгы — элдердин ортосундагы ишеним менен өз ара түшүнүшүүнү бекемдей турган негизги фактор. Бул туурасында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев россиялык кесиптеши Ольга Любимова менен жолукканда айтты. 


Эки аткаминер Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында жолугуп, маданий жана гуманитардык кызматташтыктын абалы жана келечеги тууралуу кеңири пикир алышты.


Мамбеталиев Кыргызстан менен Россияны орток тарых гана эмес, жалпы руханий мейкиндик да байланыштырып турарын айткан. 


"Биздин элдерди орток тарых гана эмес, жалпы руханий мейкиндик да байланыштырат. Бул — дүйнөнү жалпы кабылдоо, тарыхты урматтоо, сөзгө, музыкага жана чыгармачылыкка болгон сүйүү", — деген ал. 


Ал эми Любимова кино тармагында кызматташуунун келечеги кең экенине токтолгон. 


"Кечээ Бишкекте Россия кино жумалыгы салтанатуу ачылды. Москвада коюлуп жаткан кинолорду алып келдик. Биз да кыргыз киносун "конокко" чакырабыз", — деген россиялык министр. 


Ал "Бриллиант көпөлөк" аттуу биринчи евразиялык киносыйлыкка катышуу үчүн кыргыз кинокартиналары да тандалганын кошумчалаган. 


Эки жетекчи билим берүү жана кесиптик кызматташтык маселелерин да талкуулаган. 


Кыргыз тарап Россияга жергиликтүү студенттерге чыгармачыл жогорку окуу жайларда билим алуу квоталарын туруктуу негизде берип келгени жана Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук мамлекеттик драма театрына көрсөткөн колдоосуна ыраазылык билдирген. 


Министр кыргыз чыгармачыл бирликтерине: сүрөтчүлөр, жазуучулар, театр ишмерлери, композиторлор жана кинематографисттер союздарына методикалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган. 


"Бул кызматташтык россиялык адистердин катышуусунда окутуу семинарларын, стажировкаларды жана чыгармачыл уюмдарды башкаруу боюнча тажрыйба алмашууну камтышы мүмкүн", — деген ал. 


Жолугушууда кыргыз киночулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр да белгиленген. 


Министр маалымдагандай, жакында Кыргызстандын Маданият министрлиги менен Свердловск киностудиясынын ортосунда меморандумга кол коюлган. Анын алкагында кыргыздын жаш кино адистери бекер окутуудан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 


Любимова Кыргызстанда 2028-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо демилгесин колдоорун, Россия бул иш-чараларга активдүү катышууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле музей кызматкерлерин "Интермузей" эл аралык фестивалына, ал эми жаштарды Балдардын маданият форумуна катышууга чакырды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн