2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 15,6%га (129,7 млн долларга) азайган, деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында.
Өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмү 4 айда 702,1 млн долларды түздү.
Кыргызстандан Россияга товарлардын экспорту 17,1%га (23 млн долларга) өсүп, 157,6 млн долларды түздү.
Россиядан Кыргыз Республикасына товарлардын импорту 21,9%га (152,7 млн долларга) 544,5 млн долларга кыскарган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн