Кечээ Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Фахад Альхарби менен жолукту.
Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана анын келечектеги мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.
Өзгөчө Кыргызстандын жарандарын Сауд Аравияда жумушка орноштуруу, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле 2025-жылы умра кылуу максатында Сауд Аравияга барууну пландаган чет элдик жарандар үчүн жаңы медициналык-санитардык талаптар жана сунуштар маселелерине көңүл бурулду.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн жарандарын өз ара сапарлар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылыкты жараткан бардык маселелер боюнча тыгыз жана үзгүлтүксүз байланыштарды сактоо жөнүндө макулдашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн