Тогуздун айы 23, 2024
Убакыт: 16:32
USD
85.35
85.85
EUR
91.80
92.80
RUB
0.880
0.915

Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү талкууланды

23.10.2024 13:50
22
Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү талкууланды


Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов менен Сауд Аравия Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын төрагасы Хасан Моаджеб Аль-Хувайзи жолугушту.

КР ТИМден бюилдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Элчи эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча элчиликтин акыркы иштеринин жыйынтыктары тууралуу кеңири айтып берди. Тактап айтканда, мамлекеттик жана бизнес-делегациялардын ар кандай иш-чараларга, анын ичинде экономикалык жана инвестициялык форумдарга катышып жаткандыгын, Кыргыз-сауд ишкер кеңешинин жыйыны жана Эр-Рияд шаарында туристтик "Роуд-шоу" өткөрүлгөндүгүн, ошондой эле эки өлкө ортосунда үзгүлтүксүз түз каттамдары ишке киргизилгендигин белгиледи.

Өз кезегинде, Хасан Моаджеб Аль-Хувайзи Кыргызстан менен Падышалыктын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү динамикасын жогору баалады. Ал эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалын максималдуу пайдалануу үчүн соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда тараптар саудиялык бизнес-делегациясынын Кыргызстанга боло турган иш сапарын уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен боло турган биргелешкен иш-чаралардын алкагында тыгыз байланышта иштөөнү макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн