Теке 28, 2025
Убакыт: 05:01
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Кыргызстан менен Сербиянын Дипакадемияларынын кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду

06.04.2023 14:07
657
Кыргызстан менен Сербиянын Дипакадемияларынын кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргызстандын жана Сербиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Ивица Дачич сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тышкы саясий ведомстволордун 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасына кол койду.


Ошондой тышкы иштер министрлери Кыргызстан менен Сербиянын ТИМдеринин Дипломатиялык академияларынын ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга да кол коюшту.


Эскерте кетсек, Сербиянын биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Ивица Дачич күн мурун, 5-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келген.


Сербиянын ТИМ башчысынын иш сапарынын алкагында өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо үчүн бир катар жолугушуулар пландаштырылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн