Биз эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык комиссияны Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңеши деп кайра түзүү чечимин кабыл алдык, деп билдирди Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында.
Анын айтымында, кеңешти Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы жана Тажикстандын премьер-министри жетектейт.
"Алдыда боло турган мезгилде бул багытта алга жылууну камсыз кылуу максатында эки өлкөнүн экономикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жолу менен соода-экономикалык кызматташтыкты сапаттуу өнүктүрүү үчүн зарыл чаралар көрүлөрүн белгиледик", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн