Бугу 10, 2024
Убакыт: 10:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан менен Түркия өнөр жай жана технология багытындагы кызматташат

07.10.2021 13:18
884
Кыргызстан менен Түркия өнөр жай жана технология багытындагы кызматташат



Кыргызстан менен Түркиянын өнөр жай жана технология багытындагы өз ара кызматташтыгын өнүктүрүү жана бекемдөөгө багытталган Меморандумга кол коюлду. Документке Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркия Республикасынын өнөр жай жана технологиялар министри Мустафа Варанк кол койду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Меморандум тараптардын Түркиянын Анкара шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынды. 


Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев документ өнөр жай багытындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүнү шарттай турганын белгиледи.


«Кыргыз делегациясын жылуу маанайда кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүн биз соода-экономикалык алаканы бекемдөөгө негиз боло турган документке кол койдук. Бул өз кезегинде эки тараптуу мамилени гана тереңдетпестен, өнөр жай багытында тажрыйба алмашууну шарттайт», - деди Доскул Бекмурзаев. 


Ал эми Түркия Республикасынын өнөр жай жана технологиялар министри Мустафа Варанк эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн маанилүү кадам жасалганын белгиледи.


Жолугушууда өнөр жай багытындагы кызматташууну кеңейтүү жана Кыргызстанда Уюшулган өнөр жай зонасын түзүү боюнча сүйлөшүү жүрдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн