Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 04:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

18.06.2024 17:34
218
Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды


Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Ошондой эле алдыда боло турган иш-чаралардын графиги жана быйылкы жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги пландалган сапарлар жана жолугушуулар каралды.

Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү жана өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу, анын ичинде Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун (инвестиция) түзүү, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташууну тереңдетүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Кыргыз тарап Кыргызстандын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону караган Саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну тез арада жандандыруунун жана берилген квотаны жылына 500 адамга чейин кеңейтүү маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Казакбаев менен тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз көп тараптуу платформалардагы өз ара аракеттенүүсүн, анын ичинде Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында боло турган иш-чараларды жана БУУдагы демилгелерди өз ара колдоону кеңири талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн