Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түштүк Судан Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Мондэй Семайя Кумба менен жолугушуу өткөрдү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-жылдык юбилейлик сессиясынын алкагында орун алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча Биргелешкен коммюникеге кол койду.
Жээнбек Кулубаев кесиптешин Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырып, бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
Дипломаттар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду орнотуу жана активдештирүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулады.
Жолугушуунун жыйынтыгында алар тыгыз байланыштарды сактоого кызыкдар экенин ырастап, эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн