Ташкент—Бишкек—Ташкент аба каттамы ушул жылдын 14-сентябрынан баштап ачылат. Бул тууралуу Жол жана транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул аба каттамы жумасына 1 жолу, тактап айтканда ар дүйшөмбү күнү «Узбекистон хаво йуллари» компаниясы тарабынан жүргүзүлүп турат.
Буга чейин маалымдалгандай, Кыргызстан Казакстан менен дагы аба каттамдарын жандандырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн