Бугу 09, 2024
Убакыт: 01:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Мирзиёевдин Бишкекке боло турган сапарын талкуулады

24.01.2023 12:23
235
Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Мирзиёевдин Бишкекке боло турган сапарын талкуулады

 Бүгүн,  24-январда Ташкент шаарында Экономика Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлердин 26-кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Жээнбек Кулубаев Саидовду Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалышы менен куттуктады.


Тараптар Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.


Тышкы иштер министрликтеринин башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун жана көп тараптуу форматтардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерине токтолуп, үстүбүздөгү жылга карата иш пландары боюнча пикир алмашышты.


                               

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн