Буга чейин катчылыкты жетектеп келген Мехмет Сүрейя кызматын расмий тапшырып, атайын салтанатта соңку төрт жылда жасалган иштер тууралуу учкай маалымат берди.
Эскерте кетсек, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы (ТҮРКПА) 2008-жылдын 21-ноябрында түзүлгөн.
Ассамблеяга КР Жогорку Кеңешинен тышкары боордош Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын парламенттери мүчөлүк кылат. Ал эми бирикменин ишин катчылык жүргүзүп, аны төрт өлкөнүн өкүлдөрү кезектешип жетектейт.
Ага ылайык, Рамил Хасан 2025-жылдын 12-июнунда Казакстандын Астана шаарында өткөн ТүркПАнын Он төртүнчү пленардык отурумунда башкы катчы болуп шайланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн