Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев: “Туура тандоо жасоого мезгил келди!”

22.09.2020 19:36
1132
“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев: “Туура тандоо жасоого мезгил келди!”


"Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдухолик Махмануров Чүй районунун Васильевка айылынын тургундары менен жолугушту.



Жолугушууда талапкерлер партиянын "Эл үчүн" программасын элге тааныштырып жатып, партиянын негизги максаттарынын бири жарандарды мекенине кайтаруу жана аларды жумуш менен камсыз кылуу экендигин баса белгиледи.


“Биздин жарандар өз үйүндө болуп, ата-энесинин жанында жашап, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштеши керек. Партиялар көп, бирок алардын бири дагы биздин партиядай көп жумушчу орундарын түзгөн жок деп жоопкерчиликтүү түрдө айта алам. Чүй облусунда эле биздин партиянын талапкерлери 5 миң жумуш ордун түзүштү. Биздин жарандар башка мамлекетте, Кыргызстандан алыс жерде иштөөгө аргасыз болгону бул абдан жаман. Тилекке каршы, кээде жакындарын жерге берүү үчүн бул жакка келе албай жатышат", - деди К.Исаев. 


Канатбек Исаев белгилегендей, "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча парламентке ат салышып жаткан бардык ишканалардын ээлери 3 миллиард сом өлчөмүндө салык төлөшкөн, бул “Кумтөр” алтын кенинен түшкөн салыктын 70%ын түзөт.


«Биз, өндүрүш жумушчулары, тажрыйбабыздын жана билимибиздин аркасында бизнесибизди курдук. Биз үй-бүлөбүздү камсыздап, бизнес менен эле алектене алабыз. Бирок өлкөбүздү өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү үчүн биз шайлоого бара жатабыз», - деди К.Исаев.


Ошондой эле, ал коомдо биримдиктин жоктугунан 30 жылдан бери Кыргызстан өз экономикасын өнүктүрө албай келе жаткандыгын кошумчалады.



“Биздин мамлекетте бардык мүмкүнчүлүктөр бар: алтын, көмүр, арзан электр энергиясы. Биздегидей пайдалуу кендери жок көптөгөн өлкөлөр лидерликти колго алышты.

Донорлор ФАПтарды, ооруканаларды курганда, биз кубанабыз. Албетте, биз аларга ыраазыбыз, бирок биз уялышыбыз керек. Жардам сураган мамлекеттен биз өзүбүз ушундай жардамдарды көрсөтө алган өлкөгө айланышыбыз зарыл.

Сиздин айылдан чыккан талапкер үчүн эмес, “Кыргызстан” партиясы үчүн эмес, бүткүл өлкө үчүн жаркын келечек курууга мезгил келди. Туура тандоону жасоого мезгил келди. Татыктуусун тандап, алардан талап кылгыла”, - деди партиянын лидери шайлоочуларга кайрылып.


***Буйрутма  берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А.  «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020)

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн