Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө боюнча кадамдарын баштады

29.05.2020 16:15
1081
Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө боюнча кадамдарын баштады


Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады, деп белгиледи каржы министри Бактыгүл Жеенбаева «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу видеоконференция форматындагы эл аралык форум тууралуу пикирин айтып жатып.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, министр президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан тышкы карызды чечүүнүн 3 этабы сунушталганын эске салды.

Биринчи кезекте, тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп же кийинки жылдарга жылдыруу гана эмес, аларды терең реструктуризациялоо зарыл.

Экинчи этап - саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгуу.

Үчүнчү этап - экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу.

«Каржы министрлигинин алдында чоң милдеттер турат. Алар — программаларды иштеп чыгып, карызды алмашуу жана тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча ишти баштоо. Кыргызстан „Чоң жыйырмалыктын“ жана Париж клубунун жардамы менен тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады. Быйыл эки тараптуу карыздарды төлөө токтотулду. Бирок бул чаралар, албетте, жетишсиз», — дейт каржы министри.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн