Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан тышкы карызын кутула албаса үч маанилүү объекттен ажырап калышы мүмкүн

30.06.2022 08:32
673
Кыргызстан тышкы карызын кутула албаса үч маанилүү объекттен ажырап калышы мүмкүн


Кыргызстан Кытайга болгон тышкы карызын кутула албаса үч маанилүү объекттен ажырап калышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2023-2028-жылга чейин 400 млн доллардан кем эмес, айрым учурда 460 млн доллар өлчөмүндө карызды төлөө керек.

“Анын ичинен 80 пайызы тышкы карыз болсо, анын 50 пайызынын ашыгы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына төлөш керек. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албасак Бишкек ЖЭБ, Датка Кемин жана Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт. Тактап айтканда, Экспорттук-импорттук банк кайсы башкаруу компанияны киргизсе, ошого өткөрүлөт. Жакынкы Пакистан, Шри-Ланка өлкөлөрүндө ушундай фактыларды менден жакшы билесиздер. Моюнга илинген жиптен кутулуп, көз карандасыздыгыбызды сактап калышыбыз керек”, - деди Жапаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн