Бештин айы 11, 2024
Убакыт: 12:10
USD
86.65
87.15
EUR
91.20
92.20
RUB
0.845
0.900

Кыргызстанда 10 айда 237,1 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйналды

01.11.2024 14:42
648
Кыргызстанда 10 айда 237,1 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйналды


2024-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 237 млрд 158 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 37 млрд 219,4 млн сомго көп.

Салык кызматынан билдиришкендей, анын ичинде 176 млрд 893,3 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 101,3%га же 2,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28 млрд 894,2 млн сомго көп жыйналган.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 60 млрд 264,6 млн сомду түздү. План 111,3%га же 6,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын 10 айына салыштырмалуу 8 млрд 325,2 млн сомго көп жыйналды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн