Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда 122 калктуу конуштун макамы жок

22.02.2023 12:29
246
Кыргызстанда 122 калктуу конуштун макамы жок

Өлкөдө 122 калктуу конуштун макамы жок. Айрым конуштарга айыл статусун берүү маселеси каралды 


Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталды

  Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланды.


Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген, Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Ак-Тилек, Умай-Эне, Жалал-Абад шаарынын Кызыл-Суу 2, Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Сай-Бою, Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Жаңы-Арык жана Кырк-Казык, Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Биримдик, Алай районунун Жошолу айыл аймагынын Кара-Токту, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагынын Достук, Сары-Колот айыл аймагынын Бөрүлүк, Ноокат районун Төөлөс айыл аймагынын Кара-Кечит, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат жана Боз-Ала, Тоң районунун Тоң айыл аймагынын Ак-Булуң калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.


Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков айылдардын санына эмес, андагы түзүлгөн шарттын сапатына көңүл бурууга чакырды.


Ал эми депутат Русланбек Жакышов айыл категориясы киргизүүгө кандай критерийлер каралганын тактап, канча калктуу конуш аталган макамды ала электигин сурады.


Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурад Байдылдаев 122 калктуу конуштун макамы жок экенин маалымдады.


Андан тышкары, депутат Жусупбек Коргонбай уулу айыл өкмөт башчыларын ротациялоо натыйжалуу болбой жатканын белгилеп: “Жетекчилер жергиликтүү элге көнгүчөктү эле көп убакыт өтүп кетип жатат. Андыктан акимдерден төмөнкү деңгээлдеги жетекчилерди ротациялабай эле коюу туура”, – деген пикирин билдирди.


Ошондой эле депутат Камила Талиева Лейлек районундагы Жаштык калктуу конушу өңдүү көп эл жашаган аймактарга айыл макамын берүү маселесин көтөрүп, бул жаатта инвентаризациялоо жүргүзүү керектигин кошумчалады.


Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берип, экинчи окууда кабыл алынды. 


Мындан тышкары, “КР айрым мыйзам актыларына (КР Административдик-процесстик кодексине, КР Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи – КРЖогорку соту.


Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова белгилегендей, мыйзам долбоору сот процессин оптималдаштырууга, КРнын Административдик-процесстик кодексин КРнын Жарандык процесстик кодексин натыйжалуу ишке ашырууга жана колдонууга, ошондой эле жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын өз ара байланышын камсыз кылууга багытталган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн