Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 23:27:25
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Кыргызстанда 2025-жылдагы ажылыкка бара тургандарды каттоо иштери башталды

07.10.2024 11:26
357
Кыргызстанда 2025-жылдагы ажылыкка бара тургандарды каттоо иштери башталды


Бүгүн Кыргызстанда 2025-жылдагы ажылыкка бара тургандарды каттоо иштери башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 11:00гө карата 3258 киши баштапкы 2 миң АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомун “Элдин банкка” төлөдү.

Белгиленгендей, 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча бир тизмеге каттоо жүрүүдө. Талаптарга ылайык, жарандар муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарына жана райондук хатибияттарына квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

Кыргызстанга бөлүнгөн 6 миң квота толору менен банктын филиалдарындагы ажылыкка каттоо токтотулат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Акматова Айнура
Ассолому алейкуум канчасына чейин башталат регистрация