Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 21:58
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

Кыргызстанда 22-январдан тарта виза алуу тартиби өзгөрөт

14.01.2025 09:47
137
Кыргызстанда 22-январдан тарта виза алуу тартиби өзгөрөт


Кыргызстанда 22-январдан тарта виза алуу тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, бул чечим инвестициялык саясатты жакшыртуу жана туризмди өнүктүрүү максатында кабыл алынууда.


Эми виза алууда тездетилген тариф киргизилмекчи. Аны "Электрондук виза" порталына өтүнүч бергенден тартып 24 сааттын ичинде алууга мүмкүн.


Ошондой эле “Сапар виза” (J тиби) киргизилип, ал ишкерлик, туристтик жана жеке сапарлар үчүн ыңгайлуу. Визанын бул түрү 90 күнгө чейин жарактуу болуп, бир же көп жолу кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк берет.


Мурда колдонулуп келген “ишкерлик”, “туристтик” жана “тоо туризми” визалары жоюлат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн