Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:13
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Кыргызстанда 33 миң 474 коммерциялык эмес уюмдар катталган

22.05.2020 11:50
1047
Кыргызстанда 33 миң 474 коммерциялык эмес уюмдар катталган


Кыргызстанда 33 миң 474 коомдук жана коммерциялык эмес уюмдар катталган. Бул тууралуу “Элет көйгөйү” коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыкулова бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КР мыйзамын талкуулоо учурунда билдирди.


Анын айтымында, бул катталган уюмдардын ичинен 26 миң 589у фонддор, ал эми 6885и коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар.


“Мен так айта алам, пандемия учурунда айрым коммерциялык эмес уюмдар ЖМК аркылуу ар дайым элге байма-бай жардам берип жатышканын айтышты. Андай болсо эмне үчүн кирешебизди жашырышыбыз керек? Ушул мыйзам азыркы тапта өтө керектүү мыйзам. Бардык бейөкмөт уюмдар 28 жылдан бери элдерге жардам берип, багып жатканыңарды айтып келесиңер, анда бардык иш аракеттерди ачык айтыңыздар да. Биз Кыргызстан боюнча 1800 айылдын эли менен иш алып барабыз. Ушул элдин атынан айткым келет, эл тактыкты, ачык-айкындуулукту каалап жатат”, - деди Алыкулова.


Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө бейөкмөт уюмдар тууралуу эл арасында абдан жек көрүүчүлүк пайда болду. "Бейөкмөт уюмдардын кереги жок, жоголгула деген сөзгө чейин барышат. Мен андай дискриминациялык мамиле кылып жатканды каалабайм. Ошондуктан ар биринин ишинен ачыктык, тактык, жоопкерчилик жана отчеттулук болуусу зарыл", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн