Бугу 21, 2024
Убакыт: 09:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда 57 РЭТтин башчысынын кызмат орундары ротацияланды

05.08.2022 13:13
766
Кыргызстанда 57 РЭТтин башчысынын кызмат орундары ротацияланды

Энергетикалык компанияларды башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Улуттук энергохолдинг ишканасы жогоруда аталган тармакта ротациялоо иштерин жүргүзүүдө.


Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, орун алмаштыруу иштери бөлүштүрүүчү энерго компанияларынын башкы директорлоруна тийиштүү болду. Андан сырткары, 57 РЭТтин жана электр энергиясын таратуу ишканасынын 6 башчысы иш орундарын алмаштырып, мындан ары ишмердүүлүгүн башка облустардан улантышат.


Жетекчилик кызматка дайындоодо башчылардын иш тажрыйбасы, квалификациясы, ошондой эле алдыга койгон ишти аткаруу көрсөткүчү эске алынды.


Кадрларды ротациялоо компаниялардын аймактардагы филиалдарын өнүктүрүүдө оң натыйжасын берет деген төмөндөгүдөй ишеним бар: божомолдонгон коррупциялык иштердин алдын алууга, кадр саясатын жакшыртууга, жеке кызыкчылыктардын, тааныш-билиш аркылуу кызматка көтөрүлүүнүн тамырын кыркып, кызмат орундарындагы эски, көнүмүш ыкмаларды өзгөртүүгө жардам берет.


Белгилей кетсек, энергетика тармагында кадрдык ротация уланып, бардык энергетикалык компанияларда жүргүзүлөт.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн