Кулжа 26, 2024
Убакыт: 10:12
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү линиясы курулууда

08.12.2021 18:20
680
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү линиясы курулууда


Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү линиясы курулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


“Датка” көмөкчордонунда атайын курула турган 500 кВ аба электр чубалгысынан 455 чакырым электр чубалгылары тартылып, андан Жалал-Абад, Ош жана Баткен аркылуу Тажикстандын чегарасына өтөт.

Бүгүнкү күндө 727 мамыга баруучу жолдорду куруу, 632 фундаменталдык чуңкурларды казуу, 563 арматура-бетон куюу, 389 тирөөчтөрдү монтаждоо иштери аяктады. Долбоор боюнча жалпы 1241 тирөөч курулат.

Учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 59 атайын техника жана атайын унаа, 76 даана техника жана 300 жумушчу тартылган. Анын дээрлик 65 пайызы жергиликтүү тургундар. Аталган үч облуста инфраструктуралык объектилерди курууга адистерди мобилизациялоо үчүн 6 курулуш базасы түзүлгөн.

Маалымдама: CASA-1000 Борбор Азиянын энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырууга жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн