Аяк оона 16, 2025
Убакыт: 20:20
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.045
1.080

Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

04.10.2023 14:01
497
Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт


Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.


“Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.


КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.


Бул жылы Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылып жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн