Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:47
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстанда КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринчи “Келечек” жаштар форуму өтөт

12.08.2022 09:42
616
Кыргызстанда КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринчи “Келечек” жаштар форуму өтөт

25-26-августта КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринчи “Келечек” жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, форумдун максаты КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин өнүктүрүүгө, жаштардын демилгелерин ишке ашырууга, өсүп келе жаткан муундун коомдук жана кесипкөй жөндөмдөрүн өрчүтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп эсептелет.


"Форумга КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн: мамлекеттик сектордрон, креативдүү индустрия, билим берүү жана илим, ишкерлер, коомдук жана маданият ишмерлеринен 200дөн ашык жаш өкүлдөрү катышат. Ошондой эле форумдун катышуучуларына кыргыздын маданий мурастары боюнча программа тартууланып, ошол эле учурда берметибиз Ыссык-Көлдүн жээгинде оюн-зоок программасы уюштурулат. Мындай форматтагы иш-чара президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен биринчи жолу өтүп жатат", - деп жазылган маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн