Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:11
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда Комуз күнү онлайн форматта белгиленди

10.09.2020 11:05
1398
Кыргызстанда Комуз күнү онлайн форматта белгиленди


Бишкек шаарында 9-август — Комуз күнүнө​ карата салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү​ жана комузчулардын катышуусунда онлайн форматта концерт​ өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, иш-чарага министр Азамат Жаманкулов катышып, кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады.


Министр өз куттуктоосунда быйыл өлкөдөгү киргизилген эпидемиялогиялык кырдаалга байланыштуу иш-чара онлайн форматта өтүп жаткандыгын айтып, мындан ары бул майрамдын кулачы кеңейе тургандыгын баса белгиледи.


"Биз, өзүбүздүн салттуу- улуттук аспабыбызды аздектеп сактап, аны муундан – муунга маданий мурас жана таберик катары өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз", - деп кошумчалады.


"Комуз" жумалыгы 13-сентябрга чейин уланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн