Кыргызстанда TikTok тиркемеси азырынча жабылбайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев билдирди.
Ал Кыргызстандын аймагында аталган тиркемени жабуу өтүнүчү Санариптик өнүктүрүү министрлигинин дарегине 2023-жылдын августунда түшкөндүгүн эске салды. Мындай чара балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган.
"TikTok тиркемесин жабуу үчүн соттун чечими керек, бизге ал жок. Акыркы маалыматтарга караганда, учурда мобилдик тиркемени иштеп чыгуучулар менен КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосунда маселени тынчтык жолу менен чечүү максатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди ал.
Токторбаев учурда тиркеме штаттык режимде иштеп жаткандыгын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн