Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди чыгаруу пландалууда

03.12.2021 12:00
1114
Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди чыгаруу пландалууда

Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди чыгарган цех ачылат. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.


Анын айтымында, “Улуттук энергетикалык холдинг” менен өзбекстандык Toshelectroapparat компаниясы ортосунда меморандумга кол коюлган. Алар Кыргызстанда атайын цех ачып, акылдуу эсептегичти чыгарууга милдеттенме алган.


“Кыргызстанда 1 млн 230 миң акылдуу эсептегичти жакын арада орнотуп чыгыш керек. Өзбекстадык компания жардам беребиз деп жатат. Учурда Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунан каржылоо боюнча сүйлөшүү иштери жүрүүдө. Ошондой эле кытай тарап да завод курууга кызыкдар болууда. Регламентке жана биз тараптан койгон баага жооп берген компания менен иштешебиз”, - дейт Байгазиев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн