Кыргызстанда жарым жылда 60 бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, тартип сакчылары суу жана дарыялардын жанындагы эс алуучу жайларды текшерип, профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эс алуучуларга атайын бөлүнгөн жайларда гана сууга түшө аларын эскертишүүдө.
2022-жылы Кыргызстанда 85 адам сууга чөгүп каза болсо, анын 28и жашы жете элек өспүрүмдөр. Кырсыктардын көбү жайкы сезондо Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн