Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 10:30
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кыргызстанда айлык акылар салыктын негизинде гана көтөрүлүүдө

14.11.2022 17:29
785
Кыргызстанда айлык акылар салыктын негизинде гана көтөрүлүүдө

Эмгек акы салыктык кирешелердин негизинде гана көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча төмөнкү милдеттер коюлган:


1 апрелден баштап социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы орточо 50%дан 100%га чейин жогорулатылган. Тогуз айга кошумча керектөөчү каражат 26 млрд сом түзүп, ал эми бир жылга 34,2 млрд сом талап кылынат.

1 августтан тартып мамлекеттик кызматкерлер, күч блогунун бош жалданган жана жарандык персоналына эмгек акысы жогорулап, кошумча керектөөчү каражат беш айга 7 млрд сом түзүп, ал эми бир жылга 16,8 млрд сом талап кылынат.

2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматчыларга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн