Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:11
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн айрым товарларды экспорттоого тыюу салынды (тизме)

20.03.2022 11:02
536
Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн айрым товарларды экспорттоого тыюу салынды (тизме)

Айрым айыл чарба азыктарын  экспорттоого убактылуу чектөө киргизилгендигин министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.


Мындай чечим өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана базар бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынган.


Алты айлык мөөнөткө экспортко убактылуу тыюу салынган азык-түлүктөр (буга реэкспорт, транзиттик, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардам кошулбайт):

ЕАЭБ аймагынан тыш буудай жана меслин, буудай уну, өсүмдүк майы, күнкарама уруктары, кумшекер, тооктун жумурткасы, инкубациялоо үчүн жумурткалар;

Кыргызстандын аймагынан тыш бодо малдын эти (жаңы же муздатылган, тоңдурулган), тоют (чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан тоюту), арпа, сулуну экспорттоого тыюу салынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн