Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө даярбыз. ФИФАнын президенти Кыргызстанга болгон иш сапарынан кийин ыраазычылык кат жолдоду

26.05.2023 13:07
694
Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө даярбыз. ФИФАнын президенти Кыргызстанга болгон иш сапарынан кийин ыраазычылык кат жолдоду

Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыков ФИФА президенти Джанни Инфантинодон, анын Кыргызстандагы акыркы жумушчу сапары боюнча ыраазычылык катын кабыл алды.


 Эске салсак, 4-5-май күндөрү ФИФА президенти Джанни Инфантино башында турган ФИФА делегациясы Кыргызстанга келип кеткен.


«Кыргыз Республикасында өткөн сапар учурунда өзгөчө меймандостук көрсөткөнүңүз үчүн сизге жана сиздин командаңызга ФИФА делегациясы жана өзүмдүн атыман ыраазычылык билдиргим келет.


Визит учурунда биз көптөгөн маанилүү жолугушууларга жана иш – чараларга катыштык: Кыргыз Республикасынын Президенти - Садыр Жапаров менен аудиенция, КФСтин жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентинин командасы» менен «ФИФА» командасынын ортосундагы футбол беттеши жана сиз менен эки тараптуу жолугушуу - албетте, биздин визиттин эң көрүнүктүү көз ирмемдеринин бири болду.


Биз футбол боюнча идеяларыбыз жана көз караштарыбыз менен алмаша алдык. Андан сырткары, бул сапар өлкөңүздөгү футбол инфраструктурасын жакшыртууга жана спортту өнүктүрүүгө, өзгөчө жаштар жана аялдар футболуна колдоо көрсөтүүгө ФИФАнын даяр экенин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берди.


Сапар Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү үчүн кызматташтыкты өркүндөтүүгө болгон чечкиндүүлүгүбүздү бекемдеди деп ишендире алам. Аталган маселеде сиз ар дайым ФИФАнын колдоосуна ишенсеңиз болот. Сизге Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүгө жана анын баалуулуктарын жайылтууга кошкон зор салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем, ошондой эле урматтуу Президент, жакында кайрадан жолугушуубузду чыдамсыздык менен күтөм», - деп айтылат Инфантинонун ыраазычылык катында.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн