20-декабрдан тарта республика боюнча мурда COVID-19га каршы алгачкы эмдөөнүн толук курсунан өткөн бардык каалоочу жарандар үчүн кошумча доза менен эмдөө башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2021-жылдын 16-декабрындагы коллегиясынын чечими менен республиканын калкынын коронавирустук инфекцияга каршы иммундук реакциясын жогорулатуу максатында, иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү тапшырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн