Бугу 22, 2024
Убакыт: 06:25
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Кыргызстанда карантин жарыялоо азыр эрте, - Кобогон Атышов

17.03.2021 11:20
635
Кыргызстанда карантин жарыялоо азыр эрте, - Кобогон Атышов


Кыргызстанда карантиндик чектөөлөрдү кайрадан киргизүү азырынча эрте. Бул тууралуу экономика илимдери боюнча эксперт Кобогон Атышов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Анын айтымында, карантин жарыялоонун алдында илдеттин жайылышы боюнча дүйнөлүк статистиканын тенденциясына салыштырып кароо керек.


“Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте так статистика жок. Канча киши ооруп жатат, канча киши дүйнө салды, канча киши айыгып кетти, так жазылган расмий статистика жок. Ошондуктан алдын ала эч ким, эч нерсе айта албайт”, - деди эксперт.


Ал кошумчалагандай, карантин жарыялоо үчүн адегенде өкмөт, тиешелүү министрлик элге так маалымат берип, ачык айтышы керек. “Мен атайын карап чыктым. Азырынча бизде мындай маалыматтар, изилдөөлөр жок”, - деп белгиледи Кобогон Атышов.


Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-мартта эгерде оорунун жаңы толкуну башталса, эл санитардык нормаларды сактабаса, өлкөдө карантин жарыялоо керектигин айткан болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн