Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда кош бойлуу аялдарды жана өспүрүмдөрдү эмдөөгө уруксат берилди

Кыргызстанда кош бойлуу аялдарды жана өспүрүмдөрдү эмдөөгө уруксат берилди

2021-жылдын 16-ноябрына карата республика боюнча коронавирустук инфекцияга каршы вакцинанын биринчи дозасы менен калктын 46%ы, экинчи дозасы менен 37%ы эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


2021-жылдын 8-ноябрына карата (бир жума мурун) эпидемиологиялык абалды баалоо матрицасына ылайык, Бишкек шаары кызыл зонада, Чүй, Ысык-Көл, Талас облустары сары зонада, ал эми Нарын облусу жана өлкөнүн түштүк аймагы "жашыл зонада" болгон.


Ал эми үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына карата Бишкек шаары “кызыл зонадан” “сары зонага” өтүп, өлкөнүн калган бардык облустары “жашыл зонага” кирди, “кызыл” зонада бир дагы аймак жок. Жүргүзүлүп жаткан эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртууга оң таасир этүүдө.


Мурдараак маалымдалгандай, 2021-жылдын 12-ноябрында өлкөгө коронавируска каршы «Спутник-Лайт» вакцинасы 200 миң дозада келген, вакцина бир дозалуу.


Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан калкты COVID-19га каршы максималдуу эмдөө максатында жаңы категориядагы жарандарды - 16-18 жаштагы өспүрүмдөр, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды эмдөө жөнүндө чечим кабыл алынды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн