Кыргызстаннда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 0,7 сомго, дизель майы 1 сомго чейин арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда республикада күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запастары бар. Бул өз кезегинде рынокто баанын турукташуусуна оң таасирин тийгизүүдө.
"Күйүүчү-майлоочу майлар рыногу монополияга каршы органдын туруктуу көзөмөлүндө турат. Күйүүчү-майлоочу майларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча системалуу түрдө зарыл иштер жүргүзүлүүдө",- деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн