Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:34
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда медициналык окуу жайлар бюджеттик орундарды көбөйтүүдө

07.08.2020 13:10
6649
Кыргызстанда медициналык окуу жайлар бюджеттик орундарды көбөйтүүдө

 

Саламаттык сактоо системасынын айрым адистиктер боюнча чоң суроо-талабын эске алуу менен Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу боюнча Мамлекеттик медициналык академиясында бюджеттик орундар бөлүндү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарланды.


Маалыматка ылайык, «Дарылоо иши» адистиги боюнча 210 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 60 (20 орунга көбөйгөн), «Педиатрия» - 40, «Медайымдык иш» - 10 орун. 


Ош мамлекеттик университетинде 80 бюджеттик орун бөлүндү: «Дарылоо иши» - 40 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 20, «Педиатрия» - 15 орун.

Ординатура боюнча бюджеттик орундар: «Эпидемиология» - 30 орун«Инфекциялык оорулар» - 22 орун, «Микробиология» - 30 орун жана «Реаниматология» - 26 орун. 

Ошондой эле 2020-2021-окуу жылына ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралууда.

2020-2021-окуу жылына бюджеттик орундар төмөнкү адистиктер боюнча да көбөйдү: «Пульмонология» - 35 орун
, «Тез медициналык жардам» - 12 орун жана «Клиникалык лабораториялык диагностика» - 20 орун.

Пикирлер (14)

Коопсуздук коду
Надырбекова Адина
Стоматологияга кайсыл окуу жай бар
Айдай Уланалиева
медицина тармагына 9дун базасынан кабыл алабы? жана канча жыл окуйт
Таалайбек кызы Мария
9 базасынан кайсыл оккуулар бар
Бексултан
Саламатсызбы медицинанын хирургия болумуно дайарданып жатам мага кайсыл документе жана кайсыл окуу жайга тапшырсам болот. Консультантсия бере аласызбы
Нурмаматова Бурулай
Медциналык университет жөнүндө билуүнү каалайм