Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:24
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда медициналык окуу жайлар бюджеттик орундарды көбөйтүүдө

07.08.2020 13:10
6647
Кыргызстанда медициналык окуу жайлар бюджеттик орундарды көбөйтүүдө

 

Саламаттык сактоо системасынын айрым адистиктер боюнча чоң суроо-талабын эске алуу менен Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу боюнча Мамлекеттик медициналык академиясында бюджеттик орундар бөлүндү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарланды.


Маалыматка ылайык, «Дарылоо иши» адистиги боюнча 210 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 60 (20 орунга көбөйгөн), «Педиатрия» - 40, «Медайымдык иш» - 10 орун. 


Ош мамлекеттик университетинде 80 бюджеттик орун бөлүндү: «Дарылоо иши» - 40 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 20, «Педиатрия» - 15 орун.

Ординатура боюнча бюджеттик орундар: «Эпидемиология» - 30 орун«Инфекциялык оорулар» - 22 орун, «Микробиология» - 30 орун жана «Реаниматология» - 26 орун. 

Ошондой эле 2020-2021-окуу жылына ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралууда.

2020-2021-окуу жылына бюджеттик орундар төмөнкү адистиктер боюнча да көбөйдү: «Пульмонология» - 35 орун
, «Тез медициналык жардам» - 12 орун жана «Клиникалык лабораториялык диагностика» - 20 орун.

Пикирлер (14)

Коопсуздук коду
Абдулла кызы Айчурок
Медфак
Саламат
Саламатсыздарбышаарда фарматсептин окуусу барда ээ канчанчы класстан баштап Жана каяк жакта айтып коесуздарбы
Перизат
Программистдин бюджет баллы канча
Намазбек Карымшаков
Стоматологко кантип кирсе Болот??