Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 19:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда медкызматкерлер канча айлык алат? Министрдин жообу

04.04.2024 14:56
101
Кыргызстанда медкызматкерлер канча айлык алат? Министрдин жообу


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында медицина тармагында иштеген кызматкерлердин канча айлык аларын айтты.

Анын айтымына караганда, административдик башкармалыктагы персоналдык бир айлык маянасы 2020-жылы 9 миң 634 сомду, 2021-жылы 14,4 миң сомду, 2022-жылы 14,6 миң сомду жана 2023-жылы 20,2 миң сомду түзгөн.

Дарыгерлердин орточо айлык акысы

  • 2020-жыл— 8,5 миң сом
  • 2021-жыл — 12,8 миң сом
  • 2022-жыл — 14,2 миң сом
  • 2023-жыл — 23,5 миң сом

Ортоңку звенодогу медиктер

  • 2020-жыл— 7,8 миң сом
  • 2021-жыл — 11,7 миң сом
  • 2022-жыл — 11,9 миң сом
  • 2023-жыл — 19,1 миң сом.

Төмөнкү звенодогу медиктер

  • 2020-жыл — 6,6 миң сом
  • 2021-жыл — 9,9 мин сом
  • 2022-жыл — 10,5 миң сом
  • 2023-жыл — 13,6 миң сом.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн