Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда ок атуу боюнча 3 күндүк чемпионат старт алды

17.03.2022 09:37
471
Кыргызстанда ок атуу боюнча 3 күндүк чемпионат старт алды

Ички иштер министрлигинде А.Мелентьевдин элесине арналган 3 күндүк Чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ички иштер министрлигинин “Динамо” спорттук комплексинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн жана Европанын көп жолку чемпиону Александр Мелентьевдин элесине арналган ок атуу боюнча жалпы республикалык 3 күндүк чемпионаттын ачылыш аземи болду. 


Ачылыш аземине Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана “Динамо” спорт комплексинин жетекчиси Төрөкул  Мадалиев катышты. 


Чемпионатка жалпы Республика боюнча тандоодон өткөн, ички иштер кызматкерлеринен куралган 15 курама команда ат салышат. Катышуучулар граната ыргытуу, “Калашников” жана “Макаров” куралдары менен ок атуу ошондой эле биатлон боюнча таймашмакчы. 


Белгилей кетсек, бул Чемпионаттын жыйынтыгы 18-март күнү аныкталат.   



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн