Кулжа 29, 2024
Убакыт: 08:01
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар экиге бөлүнүп калдык, - "Мээр жазы" бирикмеси

22.05.2020 11:09
1583
Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар экиге бөлүнүп калдык, - "Мээр жазы" бирикмеси


Өкмөттүк эмес уюмдар отчёт бербей, 20 жылдан бери каалайбызбы, каалабайбызбы экиге бөлүнүп калганбыз, деп билдирди “Мээр жазы” коомдук бирикмесинин төрайымы Ыргалай Бекмуратова бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КР мыйзамы талкууланып жатканда.


Анын айтымында, Кыргыз улутунун кызыкчылыгын колдогондор өзүнчө, батыштын саясатын колдогон бейөкмөт уюмдар өзүнчө болуп экиге бөлүнүп калышты.


Кээ бир уюмдар демократиялык өлкөдө жашап жатабыз деп, укукту өтө аша чаап колдонуп жатышат. Ал эми 20 жылдан бери ички мигранттар менен иш алып барып жүргөн киши катары, коомдук уюмдун жетекчиси катары айтарым, биз өкмөт тараптан дагы, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан дагы колдоого алына элекпиз. Карантин учурунда миллиондон гранттарга ээ болгон бейөкмөт уюмдарынын бири дагы элдин кызыкчылыгын колдогон жок. Укуктук жактан коргоо Кыргызстандын бардык жарандары үчүн бирбей болушу керек”, - деди ал.


Ыргалай Бекмуратова мындан улам, жакыр өлкөнүн кызыкчылыгын, улуттун кызыкчылыгын коргогон уюмдарга өкмөт тараптан колдоо болуп, алардын ишин көзөмөлгө алуу менен ачык айкындуулукту колго алуусун суранды. Ошондой эле чет мамлекеттер тарабынан ири суммадагы грант алып жаткан ар бир уюмдардан коом алдында, Жогорку Кеңеш алдында отчёт берүүсү талап кылынсын, деген сунушту айтты.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн