Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанда орточо айлык акы 19 миң 586 сомду түздү

02.11.2021 18:13
2381
Кыргызстанда орточо айлык акы 19 миң 586 сомду түздү

2021-жылдын январь-августунда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 19 586 сомду түзүп, 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.


Анын маалыматына ылайык, КР Улуттук банкы аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда, 2021-жылдын январь-августунда бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 231,6 АКШ долларын түздү.


Эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы республиканын бардык аймактарынын ишканаларында жана уюмдарында байкалды.


Белгиленгендей, Орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин эң олуттуу жогорулашы Ош облусунун (10,9 процент), Ош шаарынын (13,5 процент) жана Бишкек шаарынын (9,9 процент) ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлеринде байкалды.


Эмгек акынын эң бийик өлчөмү Бишкек шаарында (24 931 сом), Нарын (18 870 сом) жана Жалал-Абад (18 609 сом) облустарынын кызматкерлеринде катталды.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Айсулуу
Жакшы экен
Бегайым
Арбаныздар эмгек акы боюнча биз макул эмеспиз . Сиздер жогорку айлык депутат чиновник терди алып туруп андан төмөнкү көрсөткүч боюнча карап жатасыңар. Орточо айлык он миң сомдун тегереги . Эмнеге калп маалымат берип жатышат
Ирсалиев Нурланбек
Анда эмнеге мугалимдер 8000 сегиз мин сом айлык алып жатышат?!
Сергек
Мамкызматтагы, маморгандагы рядовой жумушчулардын орточо айлыктарын ким эсептейт?