Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда "Спутник V" вакцинасы чыгарылат

26.01.2021 11:53
452
Кыргызстанда "Спутник V" вакцинасы чыгарылат

Кыргызстанда коронавируска каршы Россия өндүргөн  «Спутник V» вакцинасын өндүрө турган ишкананы ачуу пландалууда. Бул тууралуу  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.


Анын айтымында, Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга вакцинанын 500 миң дозасын берген.


« «Спутник V» вакцинасы Беларусь, Казакстанда өндүрүлө баштады. Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушууда Кыргызстанда вакцинаны өндүрө турган компаниялар бар болсо, Россия тиешелүү комиссияны жиберүүгө даяр экендигин билдирген. Бул процессти тездетүү керек, анткени коронавирустун жаңы түрү дүйнөгө жайылууда. Жарандардын вакцинаны сатып алуусу үчүн анын баасына да көңүл бурулат. Учурда фармкомпанияны тандоо иштери жүрүүдө», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн